Дасторконго бата беру кыргызча
Эл менен кандаш-жандаш жашаган батаны сүйлөгөндөрдү, мурда болгон, таңды аппак атырып, күлкүлөрү менен күн батырган сөз баккан касиеттүү улуу инсандар чыгарышкан. Алардын берген баталары калк арасына желе жорткон желдей тараган. Алар бара-бара элдик түбөлүктүү кенчке айланган. Ар бир «мен кыргызмын» деген инсан: Жаттым тынч Жаздыгым кенч Тилим-куран Тилегеним ыйман. Йа жараткан, Уйкумду мамык кыл, Тилегенимди анык кыл. Тургуза… Кененирээк »
АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы келген келинге берилген бата
Жаңы келген келинге берилген бата Кайын атаңды кандай көр, Кайын энеңди жандай көр. Айткан акыл-насаатын, Агарып аткан таңдай көр. Ичээр ашын, тамагын, Айттырбастан камдай көр, Кызмат кылып талыкпай, Урмат кылып жалыкпай, Купулга куп толо гөр. Адебиңе эритип, Акылыңа мээритип, Урпагыңа уланаар, Ак батасын ала гөр. Ашкан айкөл бала гөр, Кайнагаңды бектей гөр, Кайнилериң чептей гөр. Кайын эже-сиңдиңи, Жатындаштан… Кененирээк »
Суперстан: Бата - Суперстан
Дасторконго бата беру кыргызча
№441 15-21-апрель, 2011-жыл
Кыргызда тушоо той, сүннөт той өңдүү жагымдуу тойлор бар. Албетте, ар бир той бата берүү менен коштолот. Андыктан биле жүрүңүз деп баталарды жарыялайбыз.
ТУШОО ТОЙГО БАТАЛАР
Тай-тай, балам, тай, балам,
Талпына гой, баса гой.
Шилте дагы бир кадам,
Бир кадамды аша гой.
Тай-тай, балам, тай, балам,
Тартынбагын жүрө бер.
Бешигиң калды коштошуп,
Чырпыктан атты мине бер.
Чыбык атың жорголоп,
Чын ат болсун ойдолоп.
Көтөрүп улам бутуңду,
Татынакай баскының.
Ойду ой дебей омуруп,
Кырды кыркып ашкының.
Катаал ашуу, калтаң муз,
Жиреп өт турмуш ташкынын.
Баскан жолуң оң болсун,
Жараткан сени колдосун,
Өмүр жолуң шыр болсун!
Омийин!
Тушооңду кестик жыгылба,
Тизеңди айрып ыйлаба.
Кулундай туйлап жүгүрчү,
Канакей, өзүңдү сына да.
Жүгүрсөң түздөн сүрүлбө,
Бийикке чыксаң бүгүлбө.
Кабыргаң катып болоттой,
От ойносун түгүңдө.
Узак болуп өмүрүң,
Шаттыктан ташып көңүлүң,
Жаркырап өскүн күн санап,
Жаркылдап тайды темингин,
Жар болсун көктө Теңириң!
Омийин!
СҮННӨТ ТОЙГО БАТАЛАР
Мусулман болдуң, карагым,
Кана, бери карагын.
Чырагын жагар уулусуң,
Атаң менен апаңдын.
Тоодой болсун талабың,
Алтын менен күмүштөн,
Жасалсын мүлдө жарагың.
Көркүң чыкты мынакей,
Барбы дагы каалаарың?
Кой сурасаң кой берем,
Тай сурасаң тай берем.
Зат сурасаң зат берем,
Ат сурасаң ат берем.
Баатырлыгың байкалса,
Зоот берем ак берен.
Эртең эле туруп кет,
Суранганың апкелем.
Муратыңа жете бер,
Күндөн-күнгө өсө бер.
Узак болуп өмүрүң,
Өмүрүңдүн түйүнүн,
Кудай колдоп чече бер.
Омийин!
Ага-тууган чогулуп келдик,
Наристе бөбөккө бата бердик.
Алтын башы аман болсун,
Ар балээден алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун,
Алтыны сандыкка жык толсун.
Байтеректей бийик болсун,
Басар жагы жайык болсун.
Жоолошконго коргон болсун,
Жол баштаган көсөм болсун.
Үшүгөнгө оттой жанып,
Душманына кылыч болсун.
Намыс-арын бийик сактап,
Чыккан күндөй жарык болсун.
Доско жумшак, касына айбат,
Баскан жери аян болсун.
Арстандай аяр болсун,
Кескен сүннөт куттуу болсун!
Омийин!
Бактылуу бол, карагым,
Кара көзүм, маралым.
Алтындан болсун тарагың,
Күмүштөн болсун жарагың.
Кубаныч, күлкүң тыйылбай,
Ачык болсун кабагың.
Мактанычы боло бер,
Ата менен апанын.
Тилегиңе жете бер,
Үмүтүн актап атанын.
Жорткондо жолуң оң болсун,
Умай эне колдосун!
Омийин!
Баланын бутундагы ала жипти кыркуу менен адамдар "тушоосу кесилди. Эми турмуштун ак-карасын тааный билип, жашоосунда жаңылбасын, кадамы шыр болсун" деп ырымдашат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
АТАЛАРДАН АК БАТА: Дасторконго берилген бата
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан жылдан аман чыккын,
Эл-журтка жаккын.
Дасторкон жайган пейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын!
****
Өрүшүңөрдө мал жайласын,
Казаныңарда май кайнасын.
Үйүңөргө бакыт кушу конуп,
Жайлооңордо жылкыңар жайласын,
Өзөнүңөрдө балыгыңар жайнасын.
Башыңардан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарыңар чечен болсун,
Бир туугандар эсен болсун.
Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге жаксын!
****
Ашың-ашың, ашыңа,
Береке берсин башыңа.
Бөдөнөдөй жорголоп,
Кыргоолдой койкоңдоп,
Кыдыр келсин кашыңа.
Сенден байлык кетпесин.
Теңирим берген кесибиң,
Тебелесең кетпесин.
Чуулдашып карашкан,
Козучактар энеси,
Соолук бассын үйүңдү.
Эки-экиден сүзүшкөн,
Музоочактын энеси,
Сыйыр бассын үйүңдү.
Кишенешип тебишкен,
Кулунчактын энеси,
Бээ-жылкы бассын үйүңдү.
Эки өркөчү салпылдап,
Боточактын энеси,
Төөлөр бассын үйүңдү.
От жаккыдай чыт курсак,
Бала бассын үйүңдү.
Төр жакалай отурган,
Конок бассын үйүңдү.
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сайрандап,
Элиң бассын үйүңдү.
Дасторконуң дайым толуп турсун,
Башыңа бакыт кушу конуп турсун!
Кийинчерээк ар кандай үлпөттөрдө, банкеттерде же үйлөнүү тойлордо болгон жерлерде көпчүлүк адамдар колдоруна ичкилик куюлган чөйчөктөрүн кармашып, сөздүн кунарын кетирип, тойдогу адамдар үргүлөй баштаганча сүйлөй беришет. Ошондон көрө, сөздун кыска , бирок нуска болгону жакшы эмеспи. Анткени супсак айтылган каалоо сөздөр адамдарды жадатып жиберет. Андыктан мына ушул баталардын көңүлүңүзгө жакканын көпчүлүк алдында көкөлөтө сүйлөп, сөз арнаган адамыңызга багытын буруп койсонуз, сөз өнөрүн сөөлөттөгөн, ойго терең, акылга кенен адам болуп көрүнөсүз.
Курманбек Арапаев
Курманбек Арапаев 74 жашта. Ал Төлөйкөн кичи районунда жашайт. Коңшулары, тааныштары той болгон жерге, маарекелерге Курманбек абаны да ала барышат. Курманбек аба бата берүү каадасын жакшы билгендиктен, бата берип жаткан убагында жакшы каалоолор куюлушуп чыга берет дейт.
АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы төрөлгөн балага, кыркын чыгаргандагы айтым
Жараткандан эл-журтка бата тилөө
Ала-Тоо жерибизге береке, тынчтык бергин,
Ак калпак, ала топу, аруу, таза, алакандай элибизге ынтымак, ырыс, чындык бергин.
Ыймандан соолубаган булак бергин,
Өзүңдү көрүүгө көкүрөктө эңсеткен куса бергин.
Күлүктөргө арыш бергин,
Төбөлдөргө намыс бергин.
Жаштарга уят, карыларга кубат бергин,
Баласызга туяк, ыймандууга ынсап бергин,
Жан дүйнөнү булгап турган замандан сакта,
Асыл ойду көралбаган арамдан сакта.
Шашты алган топон суу, шамалдан сакта,
Жарты жүрөк, журт бузар жарандан сакта.
Жер жарылып көчкөндөн сакта,
Ыйман ырын укпай өткөндөн сакта.
Наалат айткан периште жемесинен сакта,
Наристесин жериген энеден сакта.
Ынтымак суусу төгүлгөндөн сакта,
Ыркырашып урушуп, сөгүнгөндөн сакта.
Боор эти муздак болуудан сакта,
Дабасы табылбас оорудан сакта.
Y шкүрткөн балээ түрүнөн сакта,
Ыймансыз өтүп кетүүдөн сакта,
Тикенек тилдүү аялдан сакта,
Азан үнүн укпаган кулактан сакта.
Сөөк жашы жукаргандан сакта,
Ууру кескин күч алгандан сакта.
Напси, кыял оролгон аркандан сакта,
Ырахматтан айдалган шайтандан сакта.
Тиленебиз кабыл кылгын каалаган тилектерди,
Карартпагын, Жараткан, жүрөктөрдү, оомийн!»
АТАЛАРДАН АК БАТА: Дасторконго берилген бата
Дасторконуң дайыма майлуу сүттүү болсун! **** Өрүш толо малың семиз болсун. Тубар малың эгиз болсун, Сойгон коюң семиз болсун. Айдан жылдан аман чыккын, Эл-журтка жаккын. Дасторкон жайган пейилиңден, Шыбага, ырыс тапкын! **** Өрүшүңөрдө мал жайласын, Казаныңарда май кайнасын. Үйүңөргө бакыт кушу конуп, Жайлооңордо жылкыңар жайласын, Өзөнүңөрдө балыгыңар жайнасын. Башыңардан бакыт кетпесин, Башканын каргышы жетпесин. Балдарыңар чечен болсун, Бир… Кененирээк »
АТАЛАРДАН АК БАТА: Байыркы бата
Эки жашка арналган бата
«Аккан суудай узун өмүр берсин,
Аткан таңдай жарык көңүл берсин.
Дасторконуңар жайыла берсин,
Майга колуңар малына берсин.
Корооңор толо мал болсун,
Ороңор толо дан болсун.
Жыттаганың Ала-Тоонун арчасы болсун,
Кармаганың Американын акчасы болсун.
Жүзүңөрдөн нур кетпесин,
Душманыңар кууп жетпесин.
Бешенеңер жарык болсун,
Периштеңер улук болсун.
Кабагыңар ачык болсун,
Душманыңар пасык болсун.
Жаш жаныңар жашылданып көктөсүн,
Жаккан отуң алоолонуп, очогуңдан өчпөсүн.
Алдыңарга койгон суу азайып төгүлбөсүн,
Алла кошкон башыңар ажырашып бөлүнбөсүн.
Колуңарда кучактаган бала болсун,
Коюнуңарга батпай турган бакыт консун.
Жараткан өзүңөргө өмүр берсин,
Жан дүйнөңөргө жакшынакай көңүл берсин.
Ар дайым мейман күткөн эшигиңди,
Кудайым кур койбосун арча жыттуу бешигиңди.
Чайкаганың нават кошкон чай болсун,
Чайнаганың бал кошулган май болсун.
Сойгонуң сары кой болсун,
Жүргөнүң дайым той болсун.
Атаңар бата берип башыңарда болсун,
Энеңер өмүрүңөрдү тилеп кашыңарда болсун.
Жараткан колдосун, жамандык болбосун.
Кудайым колдосун, кур жалак койбосун.
Эл ичинде эркин ойноп жүрө бергиле,
Калк ичинде каткырып ойноп күлө бергиле.
Башыңар таштан катык болсун,
Жашыңар жүздөн ашык болсун.
Тилеген максатыңарга жеткиле, оомийн».
Бата Бата менен эр көгөрөт, Жамгыр менен жер көгөрөт
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 84
- Катталган: 04 Февраль 11
- Соңку аракети: 02 Июн 2020 08:39
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Бишкек
"Бата менен эр когорот, Жамгыр менен жер когорот" дейт эмеспи. Колундан келсе элиндин батасы менен когор. "Жакшыдан моон, жамандан жаан" дегендей, аталуунун баары эле баталуу боло бербейт. Бата байлык да, бийлик да тандабай тиет. Бата тийген кишинини бак жылоолойт. Бата оной менен жанбайт. Калыстыктан тайыганда, короонду кошомат басканда, ооматын, оожалганда бата жанат. Бата жанса, багын тайыйт. Бата жалган адам ар ишке так, адамдарга ак болбосо, онбой калмагы турган иш.
Тилин кызыл болсун,
Тилегин узун болсун.
Бак карасын башына,
Кызыр даарысын ащына.
Куру сайына суу аксые,
Элине ишин жаксын.
Берекет берсин башына,
Кызыр келсин кашына.
Узун омур жаш берсин,
Шыбагалуу баш берсин,
Берекелуу аш берсин.
Омурун алыс болсун,
Орушун жайык болсун.
Ырысын журттан ашсын,
Конулун ток болсун,
Билектуудон кучтуу бол,
Жалтырактан тустуу бол,
Жаалдуудан туптуу бол,
Акылдуудан куттуу бол,
Аталуудан улуу бол,
Энелуудон эрке бол,
Эл алдында серке бол,
Айдай, Кундой калыс бол,
Жизнь не остановилась, все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 452
- Катталган: 18 Август 10
- Соңку аракети: 07 Ноя 2018 21:47
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kichi Asia
Туура " Жамгыр менен Жер көгөрөт
Бата менен Эр көгөрөт"
ушул бир ооз сөз канча миң жылдарды арытып, канча миң муунду карытып айтылып келет. Бу сөзгө кулагыбыздын да көнүп болгону ушунчалык- ага мамилебиз да азыр күндөлүк "кант, чай, аба, нан, суу" деген түшүнүктөрдөй эле кадыресе жөнөкөйлөшүп калган. Ооба, суу тилеп, кеберсип турган боз талааны көнөктөп куйган жамгыр кандай жашартып, жан киргизип, тиргизип өтөөрү чын болсо, Ак Батанын да адамдын жан дүйнөсүн асылдантаар таасири ошондой, табияты ошондой.
Айтаарым, ушундай темаларга да көңүл бөлүп, ар кимибиз кайсы учурда кандай деп бата беребиз бөлүшө кетели. мен да бир экөөсүн жаза кетейин.
Намаздан кийин дуба ( башка учурларда деле айтсаңар боло берет.)
Ааламдардын жаратуучусуна мактоо, анын элчиси Мухаммедке (сав) жана башка пайгамбарларына салам болсун Аллахым, оор кыйынчылыктардан дүйнө жана акырет жолубуздагы тардыктан, кайгы берүүчү тагдыр жазмышынан, душмандарды сүйүндүрүүчү азаптан коргоо издеп сени панаалайбыз.
Күнөөлөөрүбүздү кечир жана бизди корго, бизге ыраазы бологөр. Ибадаттарыбызды кабыл кылып, бизди бейишиңе киргизүүңдү сурайбыз. Тозоктун отунан бизди куткар. Дүйнө жана акыретке байланыштуу бардык иштерибизди оң жолго сал, өзүңдү эстеп, сага шүгүр кылуу жана ибадат кылуу үчүн бизге жардам бер.
ж.б.у.с.
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 25 Апрель 2011 - 02:58
Жашоо бул өчүргүч колдонбой сүрөт тартуу.- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 452
- Катталган: 18 Август 10
- Соңку аракети: 07 Ноя 2018 21:47
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kichi Asia
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 16 Май 2011 - 00:11
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 6 069
- Катталган: 06 Декабрь 09
- Соңку аракети: 01 Июн 2021 18:22
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kg-Ош
кто лучше нас, им просто не до нас.
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 6 069
- Катталган: 06 Декабрь 09
- Соңку аракети: 01 Июн 2021 18:22
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kg-Ош
Жаңы өргөгө бата
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а текто лучше нас, им просто не до нас.
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 6 069
- Катталган: 06 Декабрь 09
- Соңку аракети: 01 Июн 2021 18:22
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kg-Ош
кто лучше нас, им просто не до нас.
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 6 069
- Катталган: 06 Декабрь 09
- Соңку аракети: 01 Июн 2021 18:22
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Kg-Ош
Алтын тойго бата
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а текто лучше нас, им просто не до нас.
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 517
- Катталган: 26 Ноябрь 09
- Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Анкара
Баркымды билгендердин эсиндемин.
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 131
- Катталган: 08 Июнь 11
- Соңку аракети: 07 Окт 2019 13:01
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: бишкек
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 11
- Катталган: 27 Сентябрь 11
- Соңку аракети: 01 Июл 2021 11:36
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Бишкек
- Тайпасы: Жаран
- Билдирүүсү: 5 135
- Катталган: 26 Август 11
- Соңку аракети: 26 Май 2021 23:34
- Жынысы: Эркек
- Калаасы: Ош
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни !
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 3 624
- Катталган: 19 Октябрь 10
- Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: Австрия
Ай жаңыргандагы бата
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Той кылган адамга бата
«Эки дүйнө күнүн көр,
Келиңдин жүзүн көр.
Жайлооң чөптүү болсун,
Жака белиң көрктүү болсун.
Конгон жериң тегиз болсун,
Кой, эчкиң эгиз болсун.
Уйларың сүттүү болсун,
Балдарың күчтүү болсун.
Аттарың күлүк болсун,
Кыздарың чүрөк болсун.
Итиң кабам деп башын көтөрбөсүн,
Балдарың грипп болуп жөтөлбөсүн.
Алла берген балдарың ак сүтүң актасын,
Жараткан өзү милиция, ооруканадан сактасын.
Байбичең барктуу болсун, өзүң даңктуу бол.
Өйдө болсоң оозуң айга чалынсын,
Ылдый болсоң оозуң майга малынсын.
Той бергенге баш берсин,
Токсондон ашык жаш берсин.
Тоюң тойго улансын, оомийн!»
Курсанбек Тойчубаев, Жибек жолу аймактык кеңешинин жашоочусу:
Эки жашка берилген бата:
«Жакшылык силерге жанашып турсун, жамандык адашып турсун.
Ырыс-кешик эшигиңердин алдын талашып турсун.
Y йүңөр ачылып турсун,
Дасторконуңар дайыма жакшылыкка чачылып турсун.
Кампаңар малга толсун,
Жайытыңар малга толсун, үйүңөр жанга толсун.
Суу кайнаган казаныңарда май кайнасын,
Төрүңөрдө пайгамбарлар тайраңдасын.
Жакканыңар арча болсун, жамынганыңар барча болсун.
Кудайым бере берсин, куюлуп келе берсин,
Алла таала бере берсин, агылып келе берсин.
Кымызыңар таттуу болсун,
Кыз, балдарыңар баары бактылуу болсун.
Уугуңар учтуу болсун,
Уулдарыңар эр Манас, Кожомкулдай күчтүү болсун.
Короого коюңар толсун, балдары эгизден болсун, оомийн».
Таштемир Дыйканбаев
Өзгөн районундагы Большевик айылынын жашоочусу Таштемир Дыйканбаевдин жашыл бадал кашааны көркүнө чыгарып кыркып, элди таңданткан өнөр ээси экендиги тууралуу гезитибиздин өткөн санында жазган элек. Таштемир аба өсүмдүктөрдү кооздоп кыркуу менен эле чектелбестен той-топурларда эл-журтка арнап, кары-жашка, уул-кыздарга куюлушкан ыр саптарындай бата бермей жайы да бар. Бадал кашааны кооздоо өнөрүнө кантип ээ болуп калгандыгын айтып бергенден кийин, биздин чыгармачыл топко бата берген эле.
АТАЛАРДАН АК БАТА
Эл менен кандаш-жандаш жашаган батаны сүйлөгөндөрдү, мурда болгон, таңды аппак атырып, күлкүлөрү менен күн батырган сөз баккан касиеттүү улуу инсандар чыгарышкан. Алардын берген баталары калк арасына желе жорткон желдей тараган. Алар бара-бара элдик түбөлүктүү кенчке айланган.
Ар бир «мен кыргызмын» деген инсан:
Жаттым тынч Жаздыгым кенч
Тилим-куран Тилегеним ыйман.
Уйкумду мамык кыл,
Тилегенимди анык кыл.
Тургуза көр эсен-аман Оомийин!- деген бата менен жатып, аппак таңды бата менен атырган байыркы кыргыздардын турмушунда ал бирден-бир жакшылыкты берген кут катары тутулуп да, берилип да келген. Эр Манас кезектеги бир жоого аттанаардын алдында Бакай менен Кошойдон бата сураганда, эки кан мойнуна куруларын сала, алакандарын жая:
Жараткан уккун кебимди,
Сындыра көрбө белимди.
Кудай үстүн кыла көр.
Кабылан Манас шеримди,
Кытайды үстүн кылбагын,
Ободо Чолпон жылдыз бар.
Артына Кудай тарапта.
Жан деп кудай жаратсаң.
Дегеле көзүн каратпа.
Тилекти берсе бир Алла,
Туулса мындан бир бала,
Ургаачы болбой эр болсун!
Атышканын алсын деп,
Көрүшкөнүн чалсын деп,
Өлөндүү жерди өрттөгөн,
Өзүнөн бенде өпөгөн,
Туландуу жерди тутантып
Туугандын баарын кубантып,
Кайратын калк, эл туюп,
Суу ордуна кан төгүп,
Катылышкан душманын,
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры тууса эркеги,
Аты болсун Семетей,
Арууке келин баласы,
Акылдашы ар качан,
Ага болсун Күлчоро,
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде
Семетейге Кудай жар берсин! Оомийин!
-деп бата берет. Кошойдун батасы кабыл болуп, Каныкей Семетейдей эр жүрөк уулдуу болот. Ушундан улам эл ичинде Семетей батадан бүткөн, туулган деген канапуу накыл кеп айтылып калыптыр. Ал эми Нооруз майрамында көптөгөн айтымдар менен бирге Улустун улуу күнүндө, түнүндө:
Бакыттуу аш берсин,
Узун өмүр жаш берсин,
Улустун улуу Күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кьмга,
Жөөлөгөн деми басылсын.
Менин берген бул батам
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам Оомийин!- деген бата берилген. Адамдар каалашкан жерине көчүп келишип, каалаган конушуна конушканда:
Жаңы конушта
Жакканың арча болсун,
Жайылган малың санча болсун,
Күтүрөп корооң күлкүгө толсун,
Күнчүлүк угулган дүбүрткө толсун,
Уулуң ушул жайлоодой күр болсун.
Жер-суу, Тоо-таш,
Кайберени менен колдоп,
Мал жаның отко тунсун,
Калк башың кутка тунсун,
Оомийин!-деген ак тилектеги бата айтылган.
Кыргыздар жаңы өргөөнү (боз үйдү) көтөргөндө, аны көргөнү келгендер жана ага арналып жандык союлуп, эти желгенде ак дасторкон жыйылардын алдында меймандардын сакалдуусу:
Чамгарак чалкый берсин,
Керегең кеңий берсин,
Ушу үйгө кут келсин,
Душманың кемий берсин,
Күндө той болсун,
Кубаныч, шаттыкка толсун,
Уулуң Урум болсун,
Кызың Кырым болсун,
Бир күн эмес сызыл болсун,
Колуң узун болсун! Оомийин-деген батаны берген.
Байыркы кыргыздар жайлоого көчүп барышканда биринчи жолу желе тартышып, кулундар байланганда алардын жанына айыл аксакалдары басып барышып, кыбыла тарапты карашып:
Кулунуң, тайың жөрөлгөлүү болсун,
Сабаң көрөңгөлүү болсун.
Ортого чыгып топ бузган,
Ооздогу сөзүң өнөгөлүү болсун,
Желе бооң бек болсун,
Желдеген касың тек болсун
Табагыңда сүт турсун,
Аягыңда кут турсун,
Жылкындын үйүрү башка болсун,
Кулундары кашка болсун,
Жоргосу болсо кызың минсин.
Кас санаган оңбосун,
Жаратканың колдосун!
Оомийин!
-деп, ал эми көгөндөлгөн көзуларга барышып:
Эчкиң тууса, улагы эгиз болсун,
Эки жылда бир эчкиң сегиз болсун.
Күзүндөгү көтөрүп сойгонуңда.
Ичинен чара-чара май чыгып,
Оомийин!-деген баталарын беришкен. Ушундай эле алар Кудай, арбак, Кыдыр ата колдо деген кайрылуу ак тилектерди да айтышкан.
Жараткан Жар бол
Тил, көздөн сакта,
Суук көздөн сакта,
Көөдөнсүз келинден сакта,
Татымсыз туздан сакта,
Арсыз кыздан сакта,
Капилет ордон сакта,
Кайрымсыз зордон сакта,
Жамгырсыз жаздан сакта
Тагдырсыз таздан сакта
делип, тиленсе, бир эле мезгилде Кудайдан:
Бакты берсең, байырлуу кылып бер,
Дөөлөт берсең, кайырылуу кылып бер.
Аял берсең сүйүктүү кылып бер,
Келиндин келиштүүсүн бер,
Аттын желиштүүсүн бер,
Өлүүбүзгө жумак бер.
Ушу тилегимди бөлүп-жарбай
Үйүп-төгүп бир-ак бер
-дешип суранышып, акырында алакандарын жая бата кылышкан.
Ал эми башка бир жаңы келген
Алтындан болсун жакаң,
Күмүштөн болсун такаң
Ташка таруу өнгөнчө
Тарчылык көрбөй өткүлө,
Музга буудай өнгөнчө,
Муңчулук көрбөй өткүлө,
Жүзүңөр жайнап,
Келиштүү болгула,
Толгон айдай,
Өрүштүү болгула,
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула,
Эң алды берекечил болгула.
Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула.
Ден-соолук амандык болуп,
Узак өмүр жаш берсин,
Башыңарга кошуп баш берсин, Оомийин!
-деген шекилдүү көптөгөн баталар берилген.
Кыргыздардын арасында азан чакырып ат коюу да, наристени оозантканда, туулганда, кыркын чыгарганда, бешикке салганда, тушоосун кескенде, сүнөткө отургузганда, атка алгач минген эркек балага, кызга берилген баталар менен бирге уул, кыздарга атайын өзүнчө баталарды берүү салты да муундан-муунга өтүп, ооздон-оозго өтө айтылган. Маселен меймандардын колуна суу куйган кызга:
Колума суу куйган кызым,
Жүзүң суудай тунук болсун.
Тамчыдай тазарсын ниетиң,
Сапарың суудай узун болсун.
Олоңдой кара чачыңа,
Оролсун дөөлөт башыңа.
Бактылуу бол айланайын.
Жигиттин сымбатына ээ бол,
Карылардын урматына ээ бол.
Узун өмүр жаштуу бол, Оомийин!
-деген бата берилсе, уулга:
Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшыга өнөк бол,
Жаман көздөн бөлөк бол,
Каптап кирсе калың жоо
Каш кайтарар сеси бол.
Акыл-ойдун кени бол,
Арыстандай айбаттуу бол,
Чалкар болуп көлдөй тол,
Чалкыган узак өмүрлүү бол.
Өмүрдүн баркын бил,
Жакшынын кадырын бил,
Адамдын адалын бил,
Достун адилин бил,
Жарындын көңүлүн бил,
Кудайдын амирин бил, Оомийин!
-деген ак тилекти каалаган бата берилген.
Кыргыздарда чекти басып алуучу душмандардан элин, жерин коргоого, кайрапуулукка, айбаттуулукка, бир эле үйдүн эмес миңдеген үйдүн баласы, калктын агасы, атасы кара кылды как жарган калыс, акыйкатчыл болууга чакырган баталар, тилектер да айтылган. Маселен эр жигитке:
Жүзүң нурлуу болсун,
Жүрөгүң сырлуу болсун,
Тилиң ырлуу болсун.
Жигиттин сырттаны атанып,
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун,
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн санаасы бол
Бир элдин атасы болбо,
Миң элдин даанасы бол.
Бир тонго жака болбо,
Көп колдун агасы бол,
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса өзөн боюн жагала,
Башыңа иш түшсө, көпчүлүктү сагала.
Белге таңуу кемер бол,
Өзүңө-өзүң кемел бол.
Досуңа эдил бол,
Жооңо катаал бол, Оомийин-деген шекилдүү бата, каалоо айтылган.
Ал эми алыска сапарга аттанышкан эр жүрөктүү жигиттерге карыялар кыбыланы карашып, алакандарын жая:
Балам сапарың олжолуу болсун,
Жорткон жолуң оң болсун.
Башыңа булут конбосун.
Кара ниеттин тилеги оңбосун,
Төрт тарабың шайлуу болсун,
Жорткон жолуң жайлуу болсун.
Күнүң чыгып жаркьграп,
Түнүң тынч айлуу болсун,
Ичкениң зам-замдын суусу болсун,
Ууртуң толо майлуу болсун.
Атың тулпар болсун,
Кушуң шумкар болсун,
Жалгыз башың эки болсун,
Эки башың жети болсун,
Жети башың жетимиш болсун,
Алты күндө алты айлык
Арыбай-талбай жол алгын.
Азыркыдай кол алгын.
Бабалардын арбагы,
Жолдош болсун.
Теңирим өзү колдосун Оомийин!
-деген ак тилектерин айта бата берип, сапарга узатышкан. Алар болсо берилген баталар, жакшы тилектер кабыл болуп, эл, жерине ойлогон ойлору ишке ашып, олжолуу Аман-эсен кайтышкан. Ушундан улам кыргыз эли бата менен агарып, көгөрүп, тукуму көбөйүп, өркүндөп, өсүп, кылымдан-кылымдарга жашай беришкен. Ал эми бата тийгендердин жүздөрү балбылдап жанган шамдай нурлуу, жан дүйнөлөрү байчечекейдей жаркыраган.
Дастархан бата
Информация
Фотографии 1
Шынболат Мирманов запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Шынболат Мирманов запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Исламбек Исмайлов запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Бекарыс Сабит запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Барша мусылман бауырларымызга
Нравится Показать список оценивших
Аумин демен бизге
Бата берелык сизге
Жасыныз жетсын жузге
Малмен басты
Иманмен жасты
Кабат бермейди екен деп
Танрден кудер узбеныз
Нравится Показать список оценивших
Нурболат Курмангалиев запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Азимбек Кокенов запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Бекарыс Сабит запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Нурболат Курмангалиев запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Мадина Марленкызы запись закреплена
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Ия олай айтуга болмайды. Алла колдасын деу кк.
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Руслан Чукеев запись закреплена
Без названия
Нравится Показать список оценивших
Сначала старые
Нравится Показать список оценивших
Нравится Показать список оценивших
Дастархан бата запись закреплена
Нурболат Курмангалиев
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
Бата өзү эмне, кыргызда анын орду, мааниси тууралуу маалымат менен жалпы журттун эсин жаӊылап, анын кадырын калыбына келтирээр деген үмүт менен колумнист Шаакан Токтогул ушул макаланы жазууну туура көргөнүн белгилейт.
Бата деген эмне?
Бата бул – демге дем кошуп, кубатка шыкак берип, жан дүйнөнү аруулаган улуу сөз. Бата бул – теги Теӊирден буюруп, айтуучунун оозуна сала берген кубаттуу каалоо-тилек. Бата бул – адамды жамандыктан арылтып, жакшылыкты чакырган, аруулукту ыроологон, асылдыкты жылоологон, суук көз, суук сөздөн калкалаган таза нур.
Анын кубаты ушунчалык десеңиз, болбосту болтурат, толбосту толтурат, аруу тилек, ой-максаттарды орундатат. Көктөн буюруп, бата тийсе жолуӊду ачат. Бирок муун алмашып, заман жаӊыланган сайын жакшы бололу деп умтулганыбыз менен Бата баштаган баалуу жөрөлгөлөрдөн алыстап баратабыз.
Кыргыз элиндеги мааниси
Кыргыз жашоосунун үлгүсү катары саналган Манас баянынан мисал келтирсек, аялзаттын паашасы делген Каныкей энебиз батасы элди байыткан кадырман Кошой бабабызга эчен эмгек, түмөн түйшүк менен кандагай тигип, аны Көкөтөй атабыздын ашында күрөшкө чыгаар кезинде, керек болгон учурунда тартуулап, ийитип бата алган. Ошол батадан Семетей бойго бүткөн экен.
Түрлөрү
Бата – жашоо-шарт жагдайына жараша көп түргө бөлүнөт. Алсак: жаӊы конушка алынган бата, бала төрөлгөндөгү бата, ат коюудагы бата, бешикке салуу батасы, тушоо кесүү батасы, мал союлгандагы бата, үрөн себүүдөгү бата, жалпы элге бата, жаш жубайларга бата, уулга бата, кызга бата, айтор, санай берсе дагы көп.
Өргөөӊөр башка, казаныӊар ашка толсун!
Төрүӊөр кенен болсун, оокатыӊар белен болсун, үйүӊөр куттуу болсун!, — деп жаӊы өргөө көтөрүп, үйгө киргизгенде бата беришчү экен.
Ал эми жаш жубайларга:
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып
Кол кармашып жүргүлө, — деп бата беришкен.
Колго суу куйган балага:
Булактай тунук бол,
Төбөсү бийик улук бол!
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшылыкка өнөк бол!
Эне сүтүн актаган,
Эр-азамат жигит бол!
Келечекке билик бол!, — деп алкоо айтылган.
Каалоо-тилек менен батанын айырмасы
Ал эми бата ааламдык күчтөрдүн касиетине каныгып, күчүнө ширелгендиктен, каалоо-тилекке, жакшы ойго караганда алда канча кубаттуу.
Батаны кимдер берет?
Бата кубаттуулугу менен кошо аруу таза күчтүн агымы болгондуктан, бата берүү милдети Кошой атабыздай кадырмандар баштаган, Бакай атабыздай акылмандар коштогон, билими менен билги болгон, жакшылыкка үлгү болгон, калкына тирек болгон, күч-кубатка толгон, асылдыкка жеткен, кеп түйүнүн чечкен кишилер гана беришкен. Бата берген киши канчалык бийик болсо, берген батасы да ошончолук күчтүү болгон. Андыктан, издеп, иликтеп, кабарын алыстан угуп, кадырлап жүрүп, мындай адамдардан бата алууга ынтызар болушкан.
Батага учурдагы мамиле
Илгери таянем алыска аш-тойго барганда бир өрүк же бир момпосуй же болбосо бир боорсок, же жети-сегиз мейиз ала келип, "Бата тийген жерден, сен да жакшылыкка ырыскылаш бол" деп ооз тийгизчү. Мындан улум илгерки аш-той, жакшылык тойчуктардын бардыгы бата алуу максатында өткөрүлгөндүгүн билсек болот. Уулдуу болобу кыздуу болобу, бешик тойбу, тушоо кесүүбү, жада калса үйлөнүү үлпөтү да шапар тээп көӊүл ачуу үчүн эмес, бата алып, балдардын жолун ачуу, жамандыктан адаштырып, жакшылыкка жанаштыруу максатында жасалып келген.
Аныгында мындай мааракелерди өткөрүүнүн негизги максаты — бата болууга тийиш. Анткени кишинин жолун ачып, агартып-көгөртүп баар таптыра турган багыт Бата болуп саналат. Ошондуктан, батанын баркын билели, баталуу бололу, баарыбызга тийген баталар кабыл болуп, ийинен жанбасын деп тилейм.
АТАЛАРДАН АК БАТА: Үйлөнүп жаткан эки жашка берилген бата
Улуу бабаларбыздын үйлөнүп жаткан эки жашка берген батасы Баш алган буудайдай ыргалгыла, Кошулган талдай чырмалгыла. Ырысыңарга эр бала сүйгүлө, Суктанарга кыз бала сүйгүлө. Кайгыланбай каткырып, Кол кармашып жүргүлө! Эчкиңер эгиз туусун, Эки жылда сегиз туусун. Ат берсе, ала берсин, Томолок баш бала берсин. Эчки берсе, теке берсин, Эшиги ачык Мекке берсин. Пайгамбар назарын берсин, Кызырың баарын берсин.… Кененирээк »
Читайте также: